Түркияда Курманжан Датка атындагы парк ачылат

0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 15-сентябрда Анкарадагы Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар түрдүү тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Чубук муниципалитетинде Курманжан Датка атындагы паркты ачуу жана анда «Алай ханышасынын» эстелигин орнотуу боюнч макулдашышты.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18326