Атамбаевге паспорттогу коррупция боюнча айыптоо корутундусу берилди

0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2016-жылы түркиялык 10 атуулга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп козголгон кылмыш иши боюнча айыптоо корутундусу тапшырылды. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди:

"Орхан Инанды жана башка түркиялык адамдарга Кыргызстандын жарандыгы мыйзамсыз берилгени боюнча айыптоо корутундусу Алмазбек Атамбаевге туулган күнүндө берилди".

Жоошевдин маалыматына ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго "2016-жылы Түркиянын 10 атуулуна кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген" деп “коррупция” беренеси менен айып тагылууда.

Түркиялык адамдарга жарандык берүүдөгү коррупция боюнча июль айынын башында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынган. Ал Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шек саналган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго да айып тагылганы кабарланган. Алардын адвокаттары коюлган айыптарга макул эместигин билдирип келишет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18338