Президенттин администрациясы эмне үчүн Калиев менен Авазовго ырайым берилгенин түшүндүрдү

0

Президент Садыр Жапаров конституциялык укугу менен пайдаланып, Айбек Калиевге жана Салайдин Авазовго ырайым кылуу тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин атына Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан абактагы Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду бошотуу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.

  • Калиев — Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы. Авазов — «Электр станциялары» ААКтын мурдагы башкы директору.

Ошондой эле Калиев менен Авазов дагы президентке ырайым кылууну суранып кайрылышкан жана кылган иштерине өкүнүп жатышканын билдиришкен.

«Чечим кабыл алардан мурда Президенттин администрациясынын мамлекеттик комиссиясы кылмыш ишти тыкыр иликтеп чыкты. Анын жыйынтыгында Калиев менен Авазов кылмыш иштин негизги фигуранттары эмес экени аныкталды.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүчүн карап чыгып жана жагымдуу мүнөздөмөлөрдү эске алып, ошондой эле Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча мамлекеттик комиссиясынын сунушун карап, Садыр Жапаров Калиев менен Авазовго ырайым кылды», - деп айтылат маалыматта.

Калиев Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында камакта болчу. Ал Жогорку сот тарабынан Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 14 жылга эркинен ажыратылган.

Авазов дагы ошол эле иш боюнча 11 жыл 6 айга кесилген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18341