Кыргызстанда бир суткада коронавируска каршы 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 862 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 252 жаран экинчи дозасын алды.

 

Өлкө боюнча жалпы 760 миң 425 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 561 миң 324 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18345