"Ата-энеси менен уруша кеткен". Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан кыз табылды

0

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан кыз табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү Ленин РИИБине кыздын апасы кайрылып, 2005-жылы туулган кызы ошол эле күнү саат 07:00 чамасында үйүндөгүлөр менен уруша кетип, үйдөн чыгып кеткенин айтып кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кечээ, 17-сентябрда өспүрүмдөр менен иштөө инспекция саат 18:00 чамасынды кызды таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18356