Эң арзан пиар - бул алардын кыйкырыгы. Абыкеев суракка чакырылган саясатчылар жөнүндө

0

«Митингдер болот деген чакырыктар бар. Бул кырдаалды алдын алуу үчүн укук коргоо органдарына чакырылган саясатчылар дароо эле кысымга алып жатышат» деп чыгышты дейт мамкатчы Чолпонбек Абыкеев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Ал 30 жылдан бери бийликте турган, мамлекеттик кызматтарда отурган жана дагы эле Жогорку Кеңешке шайланууга аракет кылып жаткан саясатчылар тууралуу да сөз кылды.

«Менимче, алар муну атайылап жасап жатышат. Аларга пиар эле керек. Эң арзан пиар - бул алардын кыйкырыгы. Аларды суракка чакырса, «камоо аракети болуп жатат», «бийлик саясатчыларга кысым көрсөтүп жатат» деген эле кыйкырыктары. Массалык маалымат каражаттары ал жакка чуркап, бул тууралуу маалымат жазышууда. Алар муну менен өздөрүнө упай топтоп жатышат», - деди Абыкеев.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18359