Экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКдан сурактан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Сооронбай Жээнбековдун УКМКга суракка чакырылышына байланыштуу анын жакындары 18-сентябрда билдирүү таратышты. Анда "экс-президент Кумтөр кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл албаганы жана канадалык тарап менен эч кандай макулдашууга кол койбогону" тууралуу жазылган.
Экс-президент Кумтөр иши боюнча 12-августта да күбө катары сурак берип чыккан. Атайын кызмат Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өкмөт башчы болуп тургандагы иштер боюнча суралганын, аны менен тергөө аракеттери уланарын кабарлаган.