Бишкекте депутаттын кызы оронуп алганы үчүн мектеп которууга аргасыз

0

“Менин кызым оронгондуктан башка мектепке которууга мажбур болдук. Анткени ага жоолук салынууга уруксат беришкен жок”, - деди Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Гүлназ Халилова БШК комиссиясынын жыйынында.

Анын айтымында, окуучунун кийими ыңгайлуу болуп, окууга тоскоолдук кылбаса болду.

“Администрациянын кийимге кийгилишип, узун юбка кийүүгө тыюу салуусу туура эмес”, - дейт депутат.

Жолугушууда депутаттар борбордогу мектептердин биринде кызына жоолук салынууга тыюу салынгандыгы тууралуу ата-энесинин арызын талкуулап жатышат.

Мектеп директорунун айтымында, жоолук салынууга болот, бирок, аны артка байлоо керек.

“Окуучу кызга юбка тоскоолдук кылат жана ыңгайсыз. Юбка кыскараак болушу керек. Кыз 5-класста окуйт. Чуркаганда ага ыңгайсыздык жаратат. Уставга ылайык, окуучу классика стилинде кийиниши керек. Көпчүлүк ата-энелер бул сунушка макул болушту, бир үй-бүлө менен гана көйгөйлөр жаралып жатат”, - деп түшүндүрөт директор.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18365