Улукбек Марипов: "Канчалык жаратылышка аяр мамиле кылсак, ал бизге ошончолук мээримин төгөт"

0
"Бүгүн эң сонун күн болууда. Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катыштым. Министрлер Кабинети парктарды жана башка коомдук жайларды таштандылардан тазалоого багытталган акцияны колдоого алды жана экологиялык акция бүтүндөй өлкө боюнча өтүүдө. Ар бир жаран жаратылышты таза кармап, айлана-чөйрөгө камкор жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу тийиш. Өсүп келе жаткан муунду жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүүбүз зарыл. Канчалык жаратылышка аяр мамиле кылсак, ал бизге ошончолук мээримин төгөт"-деп жазды фейзбукка министрлер кабинетинин башчысы  Улукбек Марипов.
_________
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18368