Өткөн суткада Кыргызстанда 69 кишиден коронавирус аныкталып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 177 722ге жетип, анын ичинен 172 189 киши дартты жеңген.
"Кечээ оору эки бейтаптын өмүрүн алган. Алар COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасынан катталды", — деп билдирди штабдан.
Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2 588ге жетти.
Стационарда 594 жана амбулатордук шартта 881 адам дарыланып жатканы кабарланды.