"Колдору көк ала". Гүлнара Каримовага жактоочусу жолугуп чыкты

0

Швейцариялык жактоочу Фанни Маргайраз Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун камактагы улуу кызы Гүлнара Каримовага жолукканын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, швейцариялык жактоочу Гүлнара Каримованын колунда көк ала тактар бар экендигин айткан.

Учурда Каримованын жактоочусу анын укуктарын коргоо жана Швейцарияда кармап турган жүз миллиондогон франктарды конфискациялоонун алдын алуу боюнча демилгелерди күчөтүү менен иштеп жатканын билдирген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18385