Сооронкулова: Соттордун жоопкерчилиги конституциялык мыйзам менен каралышы керек

0

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова соттордун жоопкерчилигин кароочу убактылуу жобонун мыйзамсыздыгын айтып чыкты. Сооронкулованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Кыргызстандагы соттор кеңеши судьялардын жоопкерчилигин кароо үчүн убактылуу жобо иштеп чыккан.

"Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамда соттордун жоопкерчилиги Конституциялык мыйзам менен жөнгө салынат деп так жазылып турат. Бирок бизде азыр соттордун макамы тууралуу мыйзам жок, жазыла элек. Булар ошол мыйзамды күтпөй эле, убактылуу жоболорду кабыл алып, бир топ судьялардын жоопкерчилигин кароого камынып жатышат. Ал соттордун арасында Ташиев менен Жапаровду соттогон, мурдагы режимге жакын бир топ судьялар жүрөт. Бул соттордун көз карандысыздыгына чоң сокку уруу",-деди Сооронкулова.

Сооронкулова Соттор кеңеши мындай жобо чыгарууга укугу жоктугун белгилеп, муну "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деп баалады. .

Соттордун жоопкерчилигин кароо тартиби тууралуу убактылуу жобо Судьялар кеңеши тарабынан 16-августта кабыл алынган. Соттор кеңеши азырынча бул боюнча жооп бере элек.

Быйыл 5-майда президент Садыр Жапаров кол койгон Баш мыйзамга ылайык, соттордун жоопкерчилигин Судьялар кеңеши карайт. Мурда бул милдет Тартип комиссиясында болчу.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18387