Аэропортко бараткан жолдун Манас айылында аялды сүзүп кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 19-сентябрда, саат 19:30да болгон. Кырсыктын кесепетинен 52 жаштагы аял каза тапкан. Мындан улам Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, нааразычылыктарын билдиришкен.
Азыркы тапта мотоциклдин Н.Ф. аттуу 29 жаштагы айдоочусу Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.