Канат Исаев парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан талапкер болот

0

Канат Исаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер катары көрсөтүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

"2021-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен) Исаев Канатбек Кедейкановичтен Чүй облусунун Кемин №31 округуна талапкер катары катышуу тууралуу арыз келип түшкөн", - деп билдиришти БШКдан.

Белгилей кетсек, Канат Исаев 2015-жылдын май айынан бери "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери.

 
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18408