Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов айыл өкмөттөргө текшерүү келгенде кой союп, коноктогонду токтотууга чакырды. Мындай пикирин ал Ош облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Азыр айыл өкмөттөрүн текшерүү органдары кезекке коюп алган экен. Алар текшерүүгө барарда "биз төрт-беш киши болуп келебиз. Бизге чай даярда" дейт. Анан айыл өкмөттөргө барып, союшту жейт. Эмне жейсиңер? Айыл өкмөтү ошону өз чөнтөгүнөн чыгарып жасап жатабы? Жок. Бардыгын бюджеттин эсебинен алып, ошого чай берип жатат.
Азыр ушундай чай бергенди токтотолу деген тапшырма берип жатам. Мен аны өзүмдөн баштадым. Азыр 5 районду кыдырып келдим. Бир дагы жердин союшун жеген жокмун, чайын ичкен жокмун. Эч нерсе болбой эле келдим", - деген ал.