Бүгүн, 20-сентябрда жүргүнчүнү коомдук унаадан сууруп чыгып, үчөөлөп сабаган видео тараган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрда Ысык-Ата районунун Новопавловка айылынын көчөлөрүнүн биринде болгон. Коомдук унаадан түшкөн үч эркек бир адамды ур-токмокко алганын байкоого болот. Аларды жолдо өтүп бара жаткандар ажыратып калган. Жабырлануучу кошунасы менен анын балдарына үстүнөн ошол эле күнү Ысык-Ата РИИБине арыз менен кайрылган. Аталган иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" беренеси менен катталып, керектүү экспертизалар дайындалган.
Эскерте кетсек, сабалган жаран буга чейин да укук коргоо органдарына 2020-жылдын 18-июнунда жана 20-декабрында ошол эле кошунасы уулдары менен сабап кеткенин айтып, ички иштер бөлүмүнө арызданган. Анын бири кыскартылып, экинчиси боюнча дагы эле тергөө жүргүзүлүүдө.