Алмаз Сарыбаев ачкачылык кармоону улантууда

0

Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айыптын негизинде эки айга камалган Алмаз Сарыбаев 17-сентябрдан бери ачкачылык кармоону улантууда. Анын абалын дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. Бул тууралуу акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов билдирди.

20-сентябрда айрым басылмалар ал ачкачылык кармоону токтотконун жазышкан эле.

"Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев 16-сентябрдагы сот чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Сарыбаевди 15-сентябрда кармаган. Ал Жазык кодексинин 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча иликтөөнүн алкагында айыпталууда.

Сарыбаев өзүнө тагылып жаткан айыптарды моюнга алган эмес. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18419