Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бүгүн 20-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине сурак берип жатканын “Азаттык” радиосуна уулу Элмурат Абдраимов билдирди:
“Азыр ал суракта. Бир саат болуп калды. Үйүндө жана кеңсесинде тинтүү болду. “Мыйзамсыз баюу” деген негизде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, ошол боюнча кармап кетишкенин айтышты”.
Өткөн аптада, 15-сентябрда Абдраимов Ички иштер министрлигинде (ИИМ) да суракта болгон. Ал маданият ишмерлеринин президентке митингдерди токтотуу тууралуу кайрылуусу деген кат боюнча сурак берип чыкканын журналисттерге айткан.