Түркияда белгилүү түрк саясатчысы, "IYI" партиясынын мүчөсү Метин Эргундун уулу Ильтериш Эргун менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кызы Алмаш Бакиеванын үйлөнүү үлпөт тою өттү. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматкка ылайык, той 17-сентябрда өткөн. Конок катары белгилүү түрк оппозициячыл саясатчылар чакырылган.
"Баары кийинки президенттикке ким оппозициялык талапкер болот” деп ойлонуп жаткан учурда, коалициянын эки лидери тең: Республикалык Элдик партиянын (КЭП) төрагасы Кемаль Кылычдароглу, “IYI” партиясынын төрагасы Мераль Акшенер жана Анкаранын мэри Мансур Яваш Метин Эргундун уулу Ильтериш Эргун менен Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин кызы Алмаш Бакиеванын үйлөнүү үлпөт тоюна келишти", - деп жазат түрк ММКлары.
Тойго Бакиевдердин үй-бүлөсүнөн кимдер катышканы азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарга таяна турган болсок, Алмаш Бакиевдин кызы эмес тууганы.