Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү, УКМКнын райондук бөлүмү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүргүзүлдү. Көк-Ирим айыл аймагындагы Чийлүү-Колот, Алтын-Дөбө, Келин-Таш, Казык участкаларында өскөн 4 гектарга жакын аймактагы жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынды.
Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандарга кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болуу зарылдыгы эскертилди.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы