Бишкектин Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде мугалим 7-класстын окуучусуна кол көтөргөнү айтылды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар окуучунун атасынын айтымы боюнча жазып чыгышты.
"Мугалим окуучусунан тапшырманы аткарууну суранганын, бирок ал окуу китептеринин жоктугунан улам аткара албаганын айткан учурда мугалим окуучуну бурчка тургузуп, сабактан кийин пол жууп, классты тазалоого мажбурлаган. Бирок окуучу баш тарткандыктан мугалим анын башына швабра менен бир нече жолу урганы маалым болгон. Окуучу ата-энесине телефон чаларда мугалим телефонду колунан жулуп алып, ыргытып жиберген", - деп айтылат маалыматта.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, окуяны тастыкташты. Ошондой эле учурда эки тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.