УКМК Абдраимовдун мыйзамсыз баюу иши боюнча маалымат берди

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы айтылат. Бир катар коммерциялык банктарга финансылык инвестицияларды салганы аныкталганы кабарланды.

“Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, "А.Т.Д." жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, эки унаа токтотуучу жай, беш турак жай, үч дыйкан чарба, 16 автоунаа, “Ысык-Ата” курортунун аймагында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган”, - деп айтылат анда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18439