Индиянын Нью-Дели шаарында кыргыз кызы жана анын баласынын өлүмүнө байланыштуу каргашалуу окуя элчиликтин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы элчилигинен билдиришти.
"Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш ушул жылдын 20-сентябрынан 21-сентябрына караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон.
Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда, кылмыштын күбөлөрүнүн чөйрөсү түзүлүп, видеобайкоо текшерилүүдө.
Каза болгондордун Индияда жашаган туугандары Кыргыз жаранын жана анын баласынын сөөгүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагына коюуга макул болушкан.
Элчилик "Жүк-200дү" Бишкекке жөнөтүү маселеси менен иштеп жатат. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө", - деп билдиришти элчиликтен.
Буга чейин Индиянын Нью-Дели шаарынын түштүк-чыгышындагы Какаджи районундагы үйлөрдүн биринен 28 жаштагы Мыскал Жумабаева аттуу кыргыз кыз менен анын бир жаштагы уулунун жансыз денеси табылганы айтылган.