Калдарбек Койлубайтегин, акын, журналист: Садыр Жапаров БУУнун ыйык трибунасында туруп орчундуу маселелерди көтөрмөк турсун, жиликтеп бере алды

0

- Президент Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун жыйынында орчундуу маселелерди көтөрө алдыбы?

-Эгемен мамлекеттин президенти катары  оболу мамлекеттин кызыкчылыгына таянуу менен, ааламдашуу жараянындагы орчундуу жана олуттуу ташпиштерге ой жүгүртүп, өзүнүнүн пикирин  кынтыксыз жеткире алуу да ар кимдин эле колунан келе бербейт. Кыргыз Республикасынын президент Садыр Жапаров БУУнун ыйык трибунасында  туруп абдан ынанымдуу таризде орчундуу маселелерди көтөрмөк турсун, жиликтеп бере алды. Демек,  президентти тандап алууда калайык калк жаңылган эмес деп ачык айтса болот. Дүйшөмбүдөгү саммиттеги  орус саясатчыларын анчейин жакпай  калган мазмундуу жана ийне менен сайгандай түз, философиялык маанайда айтылган сөзүнөн кийин эле дүйнө саясатчыларынын көңүлүн бургандыгын да айта кетели.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18543