-Алмазбек агай, президенттин Бириккен улуттар уюмунун жыйынында сүйлөгөн сөзү ынандырдыбы? Орчундуу маселелерди көтөрө алдыбы?
-БУУнун Генералдык Ассамблеясы бул өзгөчө саясий жана медиа аянтча. Ал жерде сүйлөөнүн өз багыты жана өзөгү болот. Бул албетте, чоң, ири, дүйнөлүк масштабдагы маанилүү маселелер. Менимче, Президент Жапаровдун сөзү ынанымдуу жана аянтчага жараша масштабдуу эле болду. Климаттын өзгөрүүсү, экология, Афганистан, жакырчылык менен күрөшүү, эл аралык тоо кендеги коррупциялык схемалар, демократия, адам укуктарын коргоо... Президент көтөргөн проблемалардын баары биздей мамлекет үчүн маанилүү деп эсептейм. Майдаланбай, ошол эле маалда эгемен Кыргызстандын ири эларалык проблемалар тууралуу так жана ачык позициясын билгизди деп эсептейм.