18- Сентябрь куну тунку саат түнкү 3төр чамасында, такси кызматынын айдоочусу буйрутма аркылуу жеткирип бара жаткан жүргүнчүлөр тарабынан куру дооматка кабылганын билдирген. Жүргүнчүлөр шаарыбыздын эс алуучу жайларынын биринен чыгышкан.
Жабырлануучу тараптын айтымында анын унаасына отурган 3 аял кишинин бирөөсү айтылган дарегине жетип алган соң “Мен сага эмнени төлөйм, акчам жок, менин капчыгымды сен уурдап алдың” деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, айып койгон.
Айдоочу аша чапкан айымдарды унаадан түшүүсүн талап кылган. Бирок бул аракеттери ишке ашпаган соң, айдоочу жолдон өтүп бара жаткан жарандарды чакырып, болуп жаткан окуяга күбө болуп берүүсүн, жана алырдын кылган иш аракеттерин далил катары тасмага түшүрүп калуусун суранган.
Бир топ жөө өтүп бара жаткан жаштардын бири, уюлдук аппаратынын камерасына тартып аткан учурда, “Мен Мэрияда иштейм, колуңдан эмне келет”, деп уюлдук телефонун чаап, күбөөнү материалдык чыгымга учураткан. Муну менен токтоп калбастан, “эртең баарыңар жооп бересиңер”, деп өзүнүн айтымы боюнча, өтө жогорку кызматтарда иштеген тааныштарына чалып, коркутуу менен ызы-чуу салган.
Аталган окуяны толугу менен төмөнкү видеотасмадан көрө аласыздар.