2010-жылдан бери чет өлкөдө бозгунда жүргөн чиновниктердин бири – Данияр Үсөнов Түркиядагы “Чыраган Сарай” аттуу өтө кымбат баалуу ресторандардын биринде Урмат аттуу уулунун үлпөт тоюн өткөргөндүгү белгилүү болду.
Такталбаган маалыматтар боюнча Урмат аттуу уулу Бишкектеги “Монгол, My Shisha, Social Coffee” кафе, барларына ээлик кылат. Материалдар ошо жерде тойго күбө болгондордон алынды.
Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Беларуста Даниил Урицкий деген ысым менен жашап жатканы тууралуу маалыматтар медиада байма бай жазылып келет.
Эске салсак, Данияр Үсөнов Кыргызстандын мурдагы премьер –министри. Ал 2010 -жылдагы окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен.
2013 -жылы ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы жана жер мыйзамдарын бузганы үчүн 15 жылга эркинен ажыратууга сот өкүмү чыккан.