Кош бойлуу келинди милиция кызматкерлери сабады деген маалымат боюнча Каракол ШИИБинин түшүндүрмөсү

0

Ысык-Көлдө кош бойлуу келинди милиция кызматкерлери сабады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каракол ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-август күнү Каракол ШИИБине 22 жаштагы шаардын тургуну А.А. арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында чогуу бир батирде жашаган бир тууган эжеси А.Г. жана жездеси Т. Н. ортодо чыккан чатактан улам уруша кетишип, экѳѳлѳп сабап, денесине жаракат келтиргенин билдирген.

"Уруштун негизги себеби болуп, анын паспортун уруксаты жок “залогго” койгондугу болгон.

Арыз Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча жабырлануучу адамга денесинен кыска мѳѳнѳткѳ залалын тийгизбеген жеңил дене жаракатын алгандыгы белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 32 жаштагы А.Г. жана анын жолдошу 1990-жылы туулган Т.Н. жабырлануучу А.А.ны сабап, үй-бүлѳлүк зомбулук кѳрсѳткѳндөрү аныкталгандыктан, аларга карата Жоруктар жѳнүндѳ кодексинин 75-беренеси менен шектүү катары кабарлама берилип, соттун кароосуна жѳнѳтүлгѳн.

Ушундан улам милиция кызматкерлерине карата А.Г. тарабынан коюлган айыптар чындыкка дал келбейт. Өзүнүн жоопкерчилигин жашыруу максатында мыйзам чегинде кызматтарын аткарып жаткан милиция кызматкерлерин каралоо менен коомчулукка туура эмес маалыматтарды жарыялап жаткандыгын белгилейбиз", - деп билдиришти Каракол ШИИБинен.

Буга чейин Каракол ШИИБинин кызматкерлери кош бойлуу келинди сабап, келиндин боюнан түшүп калгандыгы жөнүндө маалымат тараган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18592