Бүгүн 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул датага байланыштуу Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан боз үй тигилип, кыргыз тилин даңазалоо иш-чарасы болуп өттү. Тил күнүнө арналган иш-чаранын алкагында атайын топ түзүлүп, ыр сынактар уюштурулду. Ошондой эле макал-лакаптар, кыргыздын улуттук сыймыгы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, көркөм окуу, улуттук бий, оюн-зооктор уюштурулду.
Кара-Көл ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Эрнист Молдокеев кесиптештерин жана шаар тургундарын кыргыз тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилдин өнүгө беришин каалады.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы