ПЧР-тесттерин мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

0

Республиканын аймагында жасалма ПЧР-тесттерин мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында Чүй облусунун Ысык-Ата
жана Аламүдүн райондорунда эки, Талас облусунда бир факты катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

 Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-ииликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү жарандардын өздүгү аныкталып, алар жана 1996-жылы туулган А.Б. менен Б.А., 25 жаштагы Х.А. болуп чыккан. Алар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесинде (Документтерди жасалмалоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип кармалышты.
  Дагы бир факты Талас облусунун Манас районунда катталды. Менчик лабораториялардын биринин эки кызматкери жасалма ПЧР-тесттерин 2 миң сомго сатып жатканы аныкталган.
  Бул факты дагы КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул адамдардын бардыгы аныкталып, кармалган.
  Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан бардык тергөө амалдары жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Ички иштер министрлиги жасалма ПЧР -тесттерин саткан жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесине (Документтерди жасалмалоо) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18605