Талас шаардык ички иштер бөлүмү Талас шаарындагы №4-5 орто мектептин окучууларынын ата-энелеринин чогулуштарына катышты

0

23-сентябрь күнү Талас шаарындагы №4 жана 5 орто мектебинде ата-энелердин чогулушу болуп өттү. Ал чогулушка мектептин мугалимдери, Талас ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Шүкүрбек Кушбеков жана Талас ШИИБнүн начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Ороз Алымкулов жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышышты.

Чогулушта Талас ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Ш.Кушбеков ата-энелерине бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты жашы жете элек өспүрүмдөргө карата зордук зомбулук, ыплас аракеттерди, укук бузууларды жана топтошуп мушташууларды алдын алуу багытында ата-энелер да милиция кызматкерлерге тарбиялык жактан жардам берүүсү зарыл экенин айтты. 

Ошондой эле 2021-жылдын 20-сентябрында Россия Федерациясындагы Пермь мамлекеттик университетинде болгон окуяда 6 студент каза болуп он деген студентер жаракат алышкандары боюнча интернет булактарында дүйнө жүзүндө резонанс жаратып жатканын билдирди. Ш.Кушбеков Талас шаарынын №4-5 орто мектептердин мугалимдерине жана ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринин аймагында бейтаныш чочун адамдарды киргизбөө жана шектүү буюмдарды калтырып кетүүгө жол бербөө максатында иш-чараларды жүргүзүү керек экендигин айтты.

Талас ОИИБнын басма сөз кызматы.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18619