Депутат Ибраев Улуттук банктын төрагасы кара пиар менен алектенип жатканын айтты

0

Депутат Саматбек Ибраев Улуттук банктын төрагасы кара пиар менен алектенип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-сентябрда парламенттик угууда билдирди.

"Финансылык технология боюнча мыйзам ишке кирсе ачыктык пайда болот. Ошол ачыктыкка каршы топтор иштеп жатат. Улуттук банк ошол топтор менен биригип иш алып барып жатат. Улуттук банктын төрагасы 7 жылдан бери финансылык системаны талкалап салды. Ошондуктан мен парламенттин жыйындарында айттым. Буга баа беришибиз керек. Абдыгулов оюн өзгөртүп, реформага барбасак кыргыздын жашоосу алдыга жылбайт. Мени жеке кызыкчылыгы бар деп кара пиар кылып жатышат. Буга маалымат каражаттары күнөөлүү эмес, маалымат берген Улуттук банк күнөөлүү. Элдин оюн башка жакка буруп, кара пиар менен алектенип жатасыңар", - дейт депутат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18622