Асылбек Жээнбеков 30-ноябрга чейин камакта калтырылды

0

Асылбек Жээнбеков 30-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты. "Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү А.Ш.Жээнбековго карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрь күнүнө чейин узартылды", - деп билдиришти райондук соттон. Эске салсак, мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18629