Жалал-Абад облусунда милиция окуучуларды сабак учурунда телефон көтөрбөөгө чакырды

0

Жалал-Абад облусунун аймагында милиция жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү тарабынан жаңы окуу жылынын ачылышына байланыштуу «Салам мектеп» иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында Жалал-Абад ОИИБдин шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан мектептерде профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Кызматкерлер окуучулар менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган лекцияларды өтүштү. Сабак учурунда телефон көтөрбөөгө, көңүлүн окууга буруп татыктуу билим алууга үндөштү.

ЖКККБ кызматкерлери менен биргеликте жолдо жүрүүнүн эрежелери практика жүзүндө көрсөтүлдү. Окуучулар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдөн өтүп, жол чырактарын карап, тийиштүү жол эрежелерин сактоо керектиги эскертилди.

Ошондой эле милициянын профилактикалык каттоосунда турган өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Сабактарга катышпай жаткан окуучулар менен да жеринде жолугушуп, окууларга калтырбай катышуу зарылдыгы айтылды. Түнкү убакыттарда себепсиз көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылып, жаш балдарды көзөмөлдөө керектиги жеткирилди.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18634