Бишкекте "Саркеч" көчмөн сынагы өтүп жатат. Сүрөт

0

Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын алкагында "Саркеч" көчмөн сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басм сөз кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, сынакка 10дон ашык жаш дизайнерлер катышууда. Сынак улуттук колориттеги кийимдердин заманбап үлгүсүн эл алдына алып чыгуу менен таланттуу дизайнерлерди аныктоо жана чеберлерин колдоо максатын көздөйт.
Сынактын жыйынтыгы эртең, 25-сентябрда өтө турган иш-чаранын расмий бөлүгүндө белгилүү болот.
 
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18635