Аскер уулунан ажыраган эне президент Жапаров менен жолугушууну суранууда

0
Аскерде каза болгон Рустам Имановдун жакындары президент Садыр Жапаров менен жолугушууну суранып жатышканын 24-сентябрда билдиришти. Маркумдун апасы Асыл Адылова аскер системасындагы өлүмдөргө көңүл бурууга, “жыйырма жылдан бери уланып келе жаткан” мындай көрүнүштөрдү токтотууга жардам суроо үчүн президенттин өзү менен жолугушууну аскер уулунан ажыраган башка ата-энелер да талап кылып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, алгач аларга баласы өзүн өзү атып алды деген кабар келген, бирок кийин кол астындагы аскер бала атып жибергенин айтышкан.

Адылова бул версияга ишенбей турганын, баласы желкесине тийген октон каза болгонун, бул үчүн командиринен шекшип жатканын, себеби уулунун аны менен мамилеси начар болгонун, эми айып бейкүнөө аскерге тагылганын жана эми аны коргоого бардык аракетин көрөрүн айтууда:

“Ал баланын моюнуна эки күндөн кийин илип жатышат. Моюнуна албагандыктан аны моралдык жактан да, денесине залака тийгизип да кыйнап жатышат. Кыйналып, болбой калыптыр. Өз уулумду сактап кала алган жокмун, эми мен ошол бала үчүн күрөшөм. Президент менен бетме-бет отуруп сүйлөшпөсөк, биздин ишибиз жабылат”.

Аскер кызматын келишимдик негизде Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда кинолог болуп өтөп жаткан 20 жаштагы Рустам Иманов 17-сентябрда каза болгон. 19-сентябрда сөөгү Кеминде жерге берилген.

Адылова айыптап жаткан командирден же анын жактоочуларынан азырынча комментарий боло элек.

«Азаттык» бул окуя боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) комментарий сурап кайрылганда мекеменин басма сөз кызматы өлүмдүн чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирген.

Башкы прокуратура Имановдун өлүмүнө байланыштуу иш Жазык кодексинин "Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен козголгонун, кылмышка шектүү Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына камалганын маалымдаган.

2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18637