Бир мандаттуу округдардан талапкер катары Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга ниетин билдиргендердин саны 70ке жетти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы шайлоо мыйзамдары боюнча бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Алар 13-октябрь саат 18:00гө чейин талапкерлигин көрсөтүү тууралуу БШКга арыз берүүгө укуктуу. Ал эми талапкер катары каттоо үчүн документтерин 18-октябрь саат 18:00гө чейин тапшырышы керек.
Мажоритардык системада 25 жаштан жогорку жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү менен шайлоого катыша алат. Ал үчүн жогорку билим, 100 миң сомдук күрөө талап кылынат. Мурда соттолбогон, кош жарандуулугу жок болуусу тийиш.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.