Талас ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү иш үстүндө

0

Талас ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарынын четинде жайгашкан мал базарында жолдун коопсуздугун көзөмөлдөп жатышат. Жогорудагы мал базар ар бир жуманын жекшемби күнү гана иштегендиктен унаалар малдары менен көп келишет. Ар кандай авто унаалар келип, унаа токтотуучу жерге батпай кеткен учурлары да болот. Бул күнү ЖКККБнын кызматкерлери дайыма атайын бөлүнгөн экипаж менен ал жерде унааларды ирээтке келтирип, жол кыймылын жөнгө салып, элдердин соода сатык жүргүзүп чыккандан кийин ирээти менен чыгышына шарт түзүп беришет. Андан тышкары, айдоочуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, кырсыктардын алдын алуу боюнча иш алып барышат.

Талас ОИИБнин ЖККБнын басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18925