Максат Касенов 30-октябрга чейин камалды

0
Активист Максат Касенов 30-октябрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карады.
4-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Касенов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50 тергөө абагында болот. Аталган жайда өтө оор кылмыш жасагандар кармалат.Милиция аны "киши өлтүрүүгө аракет кылган" деген шек менен 1-октябрда Каракол шаарынан кармап, Бишкекке жеткирилген.Максат Касенов "Улуу Кыргызстан" кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2017-жылы "жапырт мушташка катышканы" үчүн кармалып, кылмыш иши козголгону маалымдалган.
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18933