Рыспек Акматбаевдин ата-энеси Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза болду

0

Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсык болду. Окурмандын маалыматы боюнча, «LEXUS RX 300» унаасы оодарылып кеткен.

Кырсык бүгүн, 4-октябрда Чырпыкты жана Тору Айгыр айылдарынын ортосунда болду. Күбөлөрдүн айтымында, көз жумгандар бар.

Унааны 1937 -жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Аны менен бирге машинада аялы болгон.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18939