Премьер-министр Сапар Исаков 29-мартта Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюндагы көрсөтмө аянттын ачылышына катышты.
Өкмөт башчы аталган көрмөтмө аянт уникалдуу болуп эсептелинет жана Борбордук Азияда аналогуна ээ эместигин баса белгиледи.
Сапар Исаковдун айтымында анын курулушу менен Ош шаарынын тургундарына маданий-көңүл ачуучу иш чараларды өткөрүү жана эсалуу үчүн дагы бир тилке пайда болду. Аталган объектти куруунун максаты – Ош шаарынын жашоочуларына эсалып жана бош убакытын өткөрүүгө ушул сыяктуу иш чараларды уюштуруу үчүн ыңгайлуу жерди түзүү болгон.
Премьер-министр аталган көрсөтмө аянтта шаардык жана эл аралык маанидеги ар түрдүү коомдук иш чаралар өтүп тураанына ишенерин билдирди.
Маалымат иретинде: Ак-Буура дарыясынын боюндагы көрсөтмө аянттын курулушу бүттү. Курулуш иштери 2017-жылдын августунда башталган. Курулушка 16,4 млн сом өлчөмүндө каражат жергиликтүү жана республикалык бюджеттен бөлүндү. Конструкциянын узундугу 60 метр, туурасы 40 метрди түзөт.