Баткенде баңгизат саткан топ кармалды

0

Кадамжай РИИБнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлдөрү 19-мартта алынган ыкчам маалыматтардын негизинде ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп анын негизинде Кадамжай шаарчасындагы автобекеттин алдында көк түстөгү Дэу Нексия үлгүсүндөгү автоунааны токтотууга аракет жасашканда, автоунаанын айдоочусу баш ийбей качат.

Тез арада көрүлгөн чаранын негизинде автоунаа кармалып текшерген учурда автоунаанын ичинен кичинекей целлофан баштыкчаларга төрт бурчтук болуп оролгон өзгөчө жыты бар заттар табылган. Бул заттар экспертизанын корутундусунда 9 граммга жакын наркотикалык заттын гашиш түрү экени аныкталып КЖКнын 246-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө автоунаанын ичинде Кадамжай районунун Чекелик айылынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 40 жаштагы М.З., Баткен шаарынын Орозбеков көчөсүнүн тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 37жаштагы М.А. жана Кадамжай районунун Орозбеков айылынын тургуну 46 жаштагы А.Блар кармалып, күнөөсүн мойнуна алышып, бул наркотикалык заттарды ар дайым чегип жүргөндүгүн айтышкан. Кызыл-Кыя шаарында жашаган Э.жана А. аттуу тааныштарынан сатып алгандыгын билдиришкен.
Кадамжай РИИБнин жетекчилиги бул маалыматты текшерүү үчүн, атайын ыкчам топ түзүп, иликтөө иштерин жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын ИИМнин атайын тизмесинде турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Асан аттуу каймана ат менен жүргөн, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 25 жаштагы Ж.Үнүн Ош областынын Ноокат районунун Салиева айылындагы жашаган үйүнө тинтүү иш чаралары жүргүзүлөт. Ал үйдөн кичинекей пластикалык пакетке оролгон, өңү күрөң, жыты наркотикалык затка окшогон зат табылып, аны чегүүгө колдонгон түтүкчөлөр жана бир каптын ичинде ок атуучу курал (обрез) 5 даана октору менен табылып алынган.

Ал эми бул кылмышка катыштыгы бар деп экинчи Э.аттуу жаранды иликтегенде, Баткен шаарынын тургуну жакында эле каракчылык беренеси менен соттолуп шарттуу түрдө эркинен ажыратылган, 23 жаштагы Ш. Э. аныкталып кармалды.
Тийиштүү жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусунун негизинде алынган зат наркотикалык зат гашиш экени такталып жана салмагы 3,77 граммды түзгөн, ал эми ок атуучу курал ТОЗ-16 экендиги такталып, атууга жарактуу экени корутунду менен берилген.

Бул факты боюнча КР КЖК 246-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана 241-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жарандардын баары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/4238