Кыргызстанда Россия киносунун жумалыгы өтөт. Легендарлуу орусиялык киноактёрлор бүгүн эртең менен Кыргызстанга учуп келишкенин коомдук ишмер,теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.
Кино жумалыгы 20-24-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарынын башкы кинотеатрында өтөт. “Биринчи мугалим”,“Елки”,“Крик совы”тасмаларынын актёрлору күйөрмандары менен жолугушууну күтүшүүдөНаталья Аринбасарова,Павел Шевандо,Сергей Пускепалис,Дмитрий Ткаченко,Елена Лебедева, Елена Кондулайнен,Николай Горшков иш-чаранын коноктору болушат. Иш-чараны Россия тараптан маданият министрлиги,Кыргызстан тараптан Assol кайрымдуулук фонду уюштурууда.