Нарында шахмат боюнча өткөн турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланышты

0

Нарында шаардын 150 жылдыгына арналган шахмат боюнча турнир болуп өттү.
Маалым болгондой аталган мелдешке отузга чукул ар кыл курактагы шахматчылар катышты. Алар үч топко бөлүнүп,мелдешке түшүштү.Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, эстелик медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мелдештин максаты — Нарын шаарында шахматты пропагандалоо менен спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана достук байланышты бекемдөө болуп саналат.
Мелдештин жеңүүчүлөрү:
Негизги курам
- 1-орун Ажигулов Нурмат;
- 2-орун Момуналиева Шаадат;
- 3-орун Шаршенов Алмаз;
- 4-орун Жунушбаев Жыргалбек;
- 5-орун Акматов Жоомарт;
- 6-орун Максат уулу Элдос.
5 жашка чейинкилер арасында өткөн беттештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орун Канатбек уулу Умар;
- 2-орун Токталиев Намыс;
- 3-орун Касыбинов Нурсултан.
14 жашка чейинки кыздар арасында өткөн беттештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орун Уланбек кызы Акгүл;
- 2-орун Сулайманова Сабина;
- 3-орун Асанбекова Аэлита.
14 жашка чейинки балдар арасында өткөн беттештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орун Макеленов Баэл;
- 2-орун Канатбек Амир;
- 3-орун Шаршеналиев Өмүрбек.
14 жаштан жогорку кыздар арасында өткөн беттештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орун Майрамбек кызы Алия;
- 2-орун Жолдошбек кызы Адинай;
- 3-орун-Такырбашова Толкун.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/6528