Көчмөндөр оюндары. Сахнанын арткы жасалгасы үчүн 8 миллиондон ашуун сом коройт
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурула турган театрлаштырылган оюн-зоок үчүн сахнанын арткы жасалгасы жана реквизиттер үчүн 8 миллион 536 миң 100 сом коротулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.
Маалым болгондой,жеңүүчү режиссердун койгон талабы боюнча сахнанын жасалгаларын даярдашы керек.
Подрядчик этно-базарды, хан ордону,сахнаны,башкы дарбазаны,мунараны,шлагбаумду жана башкаларды жасалгалашы шарт.Ошондой эле,театрлаштырылган оюн-зоок үчүн реквизиттерди камдашы керек.