"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов чуу жараткан Зеренин "Кыз" аттуу клибине болгон өз оюн Facebook' тагы социалдык баракчасына жазган.
“Ар-Намыс” партиясынын жаш өкүлдөрү Зере Асылбек аттуу ырчынын талкуу жараткан “Кыз” автордук ырына тартылган клипке карата өз оюмду билдирүүнү суранышты.
Көрдүм. Чынын айтыш керек, аткаруучу чулгандуу образды тандап алыптыр. Бирок, экстраваганттуу жүрүш жок, клиптен ойлогондой эффект болмок эмес. Себеби, ырдын сөздөрү жаман эмес. Ал эле эмес, Зере идеалдуу дене мүчөнүн ээси болсо (айтып өтүш керек бир дагы аял өз денеси менен толук канааттанбайт) бул клип демейдеги музыкалдуу "секси-видео" катары кабыл алынып, коомчулукка өз оюн билдирүү жана кийинүү мисалында эски (архаикалык) ойлорго карата болгон каршылык катары кабыл алынмак эмес.
Аткаруучу кыз клипте ич кийимин эч кандай адепсиз оюу жок эле көрсөткөн. Ошого карабай, кыздын ырды аткарып бергенинде, жана өйдөөо айтылгандай анын дене мүчөсүнүн идеалдуу эмесинен бираз шок болгондор болду. Албетте, күмөнсүз, Зере мунун бардыгын түшүнгөн жана ал эле эмес атайын басым жасаган, себеби кезектеги женил ойлуу-эротикалык музыкалык сюжет эмес, социалдык сюжет кылууну көздөгөн.
Зерени талкуулап бүтпөгөн сөздөргө көңүл бурсак, демилгечилердин көбү эркектер, тактай кетсем,жарымы хиджаб кийгиндерди сындаса, жарымы тескеринче, азыркы жаштардын кандай кийинип жүргөнүн жактырбайт. Зере эч кимди сындабайт. Ал ачык эле зордук-зомбулуксуз өз оюн жеткирүүгө жан үрөп жатат. Бул позиция мага жагат. Менин оюмча, адамдын жеке эркиндиги, башкалардын эркиндигине залалын тийгизбеши керек деп ойлойм. Ошону менен катар, ар бир адам коомдогу аныкталган, башкалардын жеке абройуна шек келтирбеген, кандайдыр бир жүрүм-турум эрежелерин, каада-салттарды сакташы керек жана өз диний, саясий көз-караштарын башкаларга таңууулабашы керек.
Зеренин “Азаттыкка” берген интервьюсунан кийин анын ак ниеттүүлүгүнө дагы бир жолу ынандым. Азамат, тарбяисы күчтүү, эстүү кыз экен.
Абдан жакшы таасир калтырды. Социалдык тармактарда Зеренин чыгармачылыгын ар кандай баалап жатышат. Көпчүлүгү жакшы. Бирок арасында Зерени мазактагандар дагы аз эмес. Бирок бул табигый көрүнүш, себеби клип социалдык болгондон кийин, албетте адамдардын сезимин козгой алды. Мен ага активдүү социалдык позициясынан тайбай, башкаларга өзүнүн көз-карашы туура келбеген нерселерге тартып кетүүгө жол бербесин каалап өтөт элем.