Бишкек шаарындагы “Тюбетейка” ресторанында идиштин ичинен таракан чыкты

0

Бишкек шаарындагы “Тюбетейка” ресторанында табактын ичинен таракан чыкты. Бул тууралуу ошол жерде тамактанган кардар социалдык тармакка жазды.

“Ресторанда майрамдык маанайда отурганбыз. Баардык коноктордун маанайы бузулду. Ал жердин админстратору келип кечирим сураган жок. Тейлөөчү балдар келип абалды жөнгө салып кечирим сурашты” – деп жазган окуянын күбөсү.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8152