Стамбулдун Жевизли районунда сегиз кабатту имарат урап түштү. Бул тууралуу Хаберлер маалымат булагы кабарлады.
Маалыматка караганда, имаратта жалпысынан 43 киши жашап келген. Азыркы тапта куткаруу иштери жүрүүдө. Имарат кулаганда жанынан өтүп бара жаткан адамдар да жабыркаган. Кырсыктан 3 кишинин өмүрү кыйылып, 12 адам жараат алган.
Ураган имарат эч кандай уруксат кагазы жок курулган.