Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен секирген кыз уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу ал үйдө бала багуучу болуп иштеп келген.
«17 жаштагы кыздын ата-энеси Орусияда иштеп жүргөнү аныкталды. Ал Бишкекте чоң апасы менен жашачу. Алдын ала алынган маалыматка караганда, батирдин ээси кызды уурулукка айыптаган. Ал бөлмөгө бекинип алып өз өмүрүн кыюуну чечкен. Милиция кызды жаман ойдон кайтууга чакырган, бирок өспүрүм аларды уккан эмес. Эшикти талкалап киришкенде кыз терезеден секирип кеткен», -деп билдиришти укук коргоо органдарынан.