Абдил Сегизбаевге «генерал-майор» аскердик наамы ыйгарылды

0

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Сегизбаев Абдил Кенешевичке “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, КРнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине олуттуу салым кошкондугу үчүн, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Сегизбаев Абдил Кенешевичке “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/835